БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Чүйдө Улуу Ата Мекендик согуштун 100 жаштагы ардагери Кошкоро Жаманкуловго батирдин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кара-Балта шаарынан бир бөлмөлүү батир эң кары ардагерге мамлекеттин атынан белек катары берилген. Үйдүн ачкычын облус жетекчиси Канат Жумагазиев тапшырганы айтылды.
Экинчи дүйнөлүк согушка катышып майып болгон Кошкоро Жаманкулов 1924-жылы туулган. Учурда кичүү уулу, келини жана неберелери менен Суусамырда, Кайсар айылында жашайт. Аксакалдын жети баласы, 31 небереси жана 58 чөбөрөсү бар экенин кошумчаланды.