Издөөдөгү Казакстандын жараны камералардын жардамы менен Бишкектен кармалды

Бишкектеги видеокөзөмөл издөөдө жүргөн О.А. аттуу адамды аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкекте тыштагы камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн казакстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, видеокөзөмөл О.Аны 2023-жылдын соңунда аныктаган.
1 / 2

Бишкекте тыштагы камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн казакстандык жаран кармалды

2 / 2

Маалыматка караганда, видеокөзөмөл О.Аны 2023-жылдын соңунда аныктаган

"Колго түшкөн киши финансылык пирамида түзүүгө жана жетектөөгө айыпталып Алматы полициясы тарабынан издөөгө алынган. Анын бөгөт чарасы каралып, камакка алынды. 2021-жылдын апрель айында жабыркаган адамдар жамааттык арыз жазышкан. Алар акча салган үч компания финансылык пирамида болуп чыкканын айтышкан. Бул фирмалар өздөрүн инвестиция жаатындагы кирешелүү уюм катары көрсөтүп келишкен", — деди ИИМ.
Укук коргоочулар билдиргендей, долбоордун лидерлерин кармоо учурунда О.А. из жашырууга үлгүргөн.
"Компаниялар элден бир нече миллиард теңге чогулткан. Акчанын агымын көбөйтүү үчүн белгилүү блогерлерди колдонушкан. Сот эки вайнерди финансылык пирамиданын ишине аралашканы үчүн беш жылга камакка алуу чечимин чыгарган", — деди ИИМ.
Казакстанда финансылык пирамиданы жарнама кылгандар мыйзам менен жазаланат