БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский оңбогондой чарчап, алсырады, жеңишке жеткидей эмес. Бул тууралуу британиялык, отставкадагы полковник Ричард Кемп Telegraph газетасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жеңишке жетем деген Зеленский чарчагандан улам өтө эле алсыз көрүнөт", — деп жазылган макалада.
Кемптин айтымында, Зеленскийдин жаңжалда кандайдыр бир натыйжага жетүү үчүн так стратегиясы жок, ал эми контрчабуул ишке ашпай калгандан кийин көбү тынчтык келишими болот деп эсептейт.
Автор Зеленский майдандагы ийгиликсиз кадамдардан тышкары башка украин саясатчылары менен пикир келишпестикке тушугуп жатканын айткан.
"Зеленский эки жылга созулган аскердик аракеттерден чарчап бүттү окшойт", — деген Кемп.
Батыш маалымат каражаттары Вашингтон жана Брюссель украин кризисинен чарчай баштаганын, Зеленскийди мурдагыдай колдобой калышканын жазышууда. NBC телеканалынын маалыматы боюнча, америкалык жана европалык аткаминерлер Киев менен Россиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн мүмкүн болуучу кесепеттерин, анын ичинде Украина макулдашууга жетүү үчүн эмнеден баш тартышы керектигин талкуулап жатышат.