Япониядагы жер титирөөлөр. Көз жумгандардын саны 110го жетти

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Япониянын батыш тарабындагы жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 110го жеткенин РИА Новости жазды.
"Жер силкинүүлөрдөн 110 адам көз жумса, 500дөн ашык киши жабыркаган. 211 адамдын кайда экени белгисиз болсо, 300дөн ашык үй талкаланган", — деп жазылат кабарда.
Эске салсак, 2024-жыл жаңырары менен Япониянын Исикава жана Ниигата префектураларында бир катар ири жер силкинүүлөр катталып, магнитудасы 7,6 жана 6,1ге жеткен.
Өлкөнүн батыш тарабында цунами коркунучу бар экендиги жарыяланган. Бул кырсык 1985-жылдан берки жарым арал аймагындагы эң күчтүү жер силкинүү экендиги белгиленди. Кырсык болгон жерде 30 миңден ашык адам коопсуз жайга көчүрүлүп, 370 эвакуация жайы иштеп жатканы кошумчаланды.
Жер титирөө болорун алдын ала айтууга мүмкүнбү? Эксперт жооп берет