ЕАӨБ: Евразия өлкөлөрү түркиялык инвесторлор үчүн чоң артыкчылыкка ээ

Түркия ишкерлеринин Борбор Азия аймагында активдешкени байкалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Евразия регионунун өлкөлөрү түркиялык инвесторлор үчүн чоң артыкчылыкка ээ. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында айтылат.
Аталган аймактагы мамлекеттердин өз ара инвестициясынын басымдуу бөлүгү Кытай жана Түркияга туура келет.
"Түркия менен өз ара түз инвестициянын көлөмү жылдык орточо көрсөткүч менен 13 пайызды түзөт, ал эми Кытайга болгону 3,2 пайызы туура келет. 2016-жылга салыштырмалуу Түркия менен байланыш 2,3 эсе өсүп, долбоорлордун саны 99дан 172ге жетти", — деп айтылат докладда.
Түркиялык инвесторлордун өзгөчө Борбор Азия аймагында активдешкени белгиленген. Бул өлкөдөн салынган акча дээрлик бардык тармакка жумшалат, ошентсе да кайра иштетүү жана чийки затка көбүрөөк басым жасалып келет.
"Евразиялык регион түркиялык инвесторлор үчүн артыкчылыкка ээ. Түркиянын ЕАЭБге түз жасаган инвестициясы 2017-жылдагы 1,6 пайыздан 5,1 пайызга чейин өстү", — деп айтылат маалыматта.
Радио
Байгуттиев: өндүрүштү калыбына келтирүү үчүн ЕАЭБге кирүү туура болгон