Радио

Юрист: Курултайдын курамы канчалык сапаттуу түзүлөрү суроо бойдон калууда

"Тандем" аналитикалык борборунун жетекчиси, юрист Таттыбүбү Эргешбаева Курултай институтунун статусу жана орду тууралуу түшүндүрмө берди.
Sputnik
Курултайдын курамы канчалык сапаттуу түзүлөрү жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей ала турганы суроо бойдон калууда. Бул тууралуу Таттыбүбү Эргешбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, Конституцияда "курултай" деген сөз 9 жолу кездешет.

"Баш мыйзамда Курултай институтунун ыйгарым укуктары жана мамлекеттик институттар менен мамилеси аныкталган. Анын 7-беренесине ылайык, Курултай — бул эл өкүлчүлүк функциясын аткарган, социалдык өнүгүү боюнча сунуштарды бере алган кеңешүүчү, байкоочу жыйын. Курултайды уюштуруу, анын ишинин тартиби Конституция жана конституциялык мыйзамдар менен аныкталат. Элдик курултай мыйзам демилгелөөгө, президент, ЖК, министрлер кабинети, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдардын ишине мониторинг жүргүзүүгө укуктуу. Президент курултайдын сунушу менен мыйзамдын чегинде аткаруу бийлигинин мүчөлөрүн жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин иштен кетире ала турганы белгиленген. Мындан тышкары, аталган институттун Соттор кеңешине талапкерлерди сунуштоо боюнча укугу бар. Бирок азыркыга чейин Курултайдын курамы канчалык сапаттуу түзүлө турганы жана ал мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей ала турганы суроо бойдон калууда", — деди Эргешбаева.

Ошондой эле ал элдик курултайдын мыйзам демилгелөө функциясы кантип ишке ашырыла турганы белгисиз бойдон калып жатканын кошумчалады.