Балды ысыткан зыяндуубу? Диетологдун жообу

Бал такыр эле жараксыз болуп же андагы ферменттер менен витаминдердин жоголуп кетпеши үчүн тиешелүү эрежелерди сакташ керек.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Балды ысытуунун пайда-зыяны жана жогорку температурада аталган азыктын курамы кантип өзгөрөрүн диетолог, нутригенетик дарыгер Андрей Золотарев Sputnik радиосуна айтып берген.
Адис балдын жүздөгөн пайдалуу касиети бардыгын, бирок алардын айрымдары ысытканда да жоголуп кетерин билдирди.
“Ысытканда пайдалуу касиеттеринин кээ бирин жоготушу мүмкүн. Бул азыктын курамында температурасы жогорулаганда бузулчу ферменттер, ысыкка чыдабаган витаминдер бар”, — деп эскерткен Золотарев.
Дарыгер эл арасында балды ысытканда ден соолукка зыяндуу болуп калат деген пикирлерге токтолгон.
“Балды ысытканда уулуу заттар бөлүнүп чыгат деген маалыматтар көп кездешет. Бирок андай эмес”, — деген Золотарев.
Бал такыр эле жараксыз болуп же андагы ферменттер менен витаминдердин жоголуп кетпеши үчүн аны туура жол менен ысытыш керектигин түшүндүрүп берген.
“Идишке кайнак сууну куюп, 80 градуска түшкөнгө чейин күтүп, андан кийин гана оозу бекитилген банкадагы балды салыш керек. Жарым саат күтүп, суу муздай баштаганда бир бөлүгүн төгүп салып, жогорку температурадагысын куйган туура”, — деген адис.
Диетолог аталган азыкты микроволновка же кайнап жаткан сууга сала коюп эритүүгө болбой турганын эскерткен.
Бал ооруну айыктырбайт. Дарыгер себебин айтты