БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. 2022-жылга караганда 2023-жылы Кыргызстанда алтын куймаларына акча салуу менен киреше табууга мүмкүн болду. Куйманы жыл башында сатып алып, жыл соңунда саткандар пайда көрүштү.
Улуттук банк элдин алтынга инвестиция жасашы же каражатын сакташы үчүн алтын куймаларын 2015-жылдан бери сатыкка чыгарып келет. Сатуу жана кайра сатып алуунун баасы күн сайын Лондондогу баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингинин негизинде аныкталат (бул дүйнөлүк нарк болуп саналат).
Биз өткөн жылда алтын куймаларынын баасы кандай өзгөргөнүн карап чыктык. Ошондой эле 9-январда (анда иш күнү 9-январдан башталган) алтын куймасын сатып алып, аны 29-декабрда (жыл соңундагы акыркы иш күн) кайра сатуу менен канча киреше тапса болмоктугун эсептеп чыктык. Жыйынтыгында сатып алуучу киреше тапмактыгы аныкталды.
1 граммдан — 812,5 сом пайда көрмөк;
2 граммдан — 1 643,5 сом;
5 граммдан — 4 170,5 сом;
10 граммдан — 8 396,5 сом;
31,1 грамм (унция) —23 945 сом;
100 граммдан — 69 363,5 сом.
Эске салсак, 2023-жылдын башында доллардын расмий курсу 85,7 сомду түзгөн болсо, декабрдын аягында 89 сомдон ашты. Ал эми алтынга болгон дүйнөлүк баа жыл ичинде бир кыйла көтөрүлгөн.