БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Улуттук банк (УБ) уютулган алтынды сатуу жана кайрадан сатып алуу боюнча маалымат таратты.
Маалымдама
Улуттук банк 2015-жылдын 7-майынан тарта жарандар инвестиция салып же каражат сактоосуна шарт түзүү үчүн ар кыл граммда куюлган алтынды сатыкка чыгарган. Алардын 1 граммдан 100 граммга чейинки жалпы алты түрү бар. Финансылык регулятор сатып эле тим болбостон, аны кайра өзү сатып да алат. Баасы күн сайын Кымбат баалуу металлдар ассоциациясынын Лондондогу фиксинг курсу жана сомго карата доллардын курсу боюнча белгиленет. Бул бардык жерде бирдей дүйнөлүк баа болуп эсептелет.
Сатылган алтын куймалары
2015-жылдын 7-майынан тарта 2023-жылдын 19-декабрына чейин 19 399 уютулган алтын (463,2 килограмм) сатылган. Анын жалпы баасы 1 миллиард 977,3 миллион сом болгон. 2023-жылдын 1-январынан тарта 2 118 даанасы же 34,6 килограмм соодаланган. Акча менен санай келгенде ал 198,1 миллион сомду түзөт.
Улуттук банк учурда уютулган алтынга элдин суроо-талабы туруктуу экенин, тагыраагы, дайыма сатып алып турганын айтты.
Кайра сатып алынган алтындар
2015-жылдын 7-майынан тарта 2023-жылдын 19-декабрына чейин 10 миң 774 даана (230 килограмм) уютулган алтынды эл банктарга өткөргөн. Анын суммасы 926,9 миллион сом болгон. 2023-жылдын 1-январынан тарта 159,1 миллион сомдук 28,2 килограмм болгон 475 алтын куйма сатып алынган.
Алтынга салынган инвестиция — узакка сактап коюуга камдалган оокат. Валюта рыногунда туруксуздук болуп жатканда инвесторлордун көбү алтындын курсуна карап туруп, каражатын металлдардын туруктуу рыногуна жумшоого баш коет.