Японияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 30га жетти. Видео

Уранды алдында калгандар болушу мүмкүн деп божомолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Япониянын батыш тарабындагы жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 30га жеткенин РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, жер силкинүүдөн жабыркаган райондордо жашагандар ачык аянттарга SOS деп жазып, жардам сурашууда. Соңку маалыматтар боюнча, кеминде 30дай адам мерт болгон. Андан тышкары, уранды алдында калгандар болушу мүмкүн деп божомолдонууда.
Эске салсак, Күн чыгыш өлкөсүндө жер кечээ титиреген. Япониянын батыш тарабында анын магнитудасы 7,6 жана 6,1ге жеткен. Жалпысынан эки саат ичинде Исикава жана Ниигата префектураларында 29 жолу жер силкинди. Осака, Киото жана Токиодо да сезилерлик болгонун айтышты.
Өлкөнүн батыш тарабында цунами коркунучу бар экендиги жарыяланган. Бул кырсык 1985-жылдан берки жарым арал аймагында эң күчтүү жер силкинүү экендиги белгиленди.
Жер титирөө болорун алдын ала айтууга мүмкүнбү? Эксперт жооп берет