Элчи: Таиланд ЕАЭБ менен эркин соода аймагы боюнча сүйлөшүүлөргө даяр

Сүйлөшүүлөр качан болору азырынча белгисиз, баары ЕЭКтен көз каранды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Таиланд ЕАЭБ менен эркин соода аймагы боюнча сүйлөшүүлөргө даяр. Бул Россия менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жардам берет. Мындай пикирин РИА Новостиге Москвадагы элчи Сасиват Вонгсинсават билдирген.
Дипломат 2023-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Россия менен болгон сооданын көлөмү 1,1 миллиард доллар гана болгонун айтып, экономикалык байланыштарды өнүктүрүү керектигин белгилеген.

"ЕАЭБ менен эркин соода келишими сооданы өнүктүрүүнүн бир жолу болуп саналат. Биз Евразия экономикалык комиссиясы менен бир нече жылдан бери келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо мүмкүнчүлүгүн талкуулап келебиз. Биримдик буга даяр болору менен Таиланд ЕАЭБ менен сүйлөшүүлөрдү баштай турганын ырастай алам", — деген элчи.

Ал сүйлөшүүлөр качан болору азырынча белгисиз экенин айтып, баары ЕЭКтен көз каранды экенин кошумчалаган.
Дипломат эркин соода келишими Таиланддын жарандарына продукцияны арзан баада алууга мүмкүндүк берерин белгилеген.
Радио
Байгуттиев: өндүрүштү калыбына келтирүү үчүн ЕАЭБге кирүү туура болгон