Япониядагы катуу жер силкинүүлөрдөн жүздөн ашуун имаратка зыян келди. Видео

Жаратылыш кырсыгынан каза болгондор тууралуу маалымат жок.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Япониянын батыш тарабындагы жер титирөөлөр жүздөн ашык имаратка зыянын тийгизди. Алардын айрымдары урап түшкөнүн РИА Новости жазды.
Исикава жана ага жакын Тояма аймагындагы имараттар зыянга учураган. Министрлер кабинетинин башкы катчысы кеминде алты үй ураганын, урандылардын алдында адамдар болушу мүмкүн экенин билдирген.
Япония ЖМКлары жер титирөөдөн жабыркагандар бар экенин, бирок алар өмүргө кооптуу эмес жаракаттарды алышканын жазышкан. Каза болгондор тууралуу маалымат жок.
Күн чыгыш өлкөсүндө жер бүгүн титиреген. Япониянын батыш тарабында анын магнитудасы 5,7 жана 7,6 жана 6,1ге жеткен. Жалпысынан эки саат ичинде Исикава жана Ниигата префектураларында 29 жолу жер силкинди. Осака, Киото жана Токиодо да сезилерлик болгонун айтышты.
Өлкөнүн батыш тарабында цунами коркунучу бар экендиги жарыяланды. Исикава префектурасында поезддердин жүрүшүнө тыюу салынды. Бул кырсык 1985-жылдан берки жарым арал аймагында эң күчтүү жер силкинүү экендиги белгиленди.
Жер титирөө болорун алдын ала айтууга мүмкүнбү? Эксперт жооп берет