Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШнын Украинадагы негизги планы ишке ашпай калды

Украинанын бардык тараптан өтө оор жеңилүүгө туш болгону улам көбүрөөк айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын Украинадагы каатчылык аркылуу Россияны алсыздандыруу планы ишке ашпай калды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Батыш Россия-Украина жаңжалы РФтин күчүн солгундата албай турганын барган сайын түшүнүп жатат", — деп айтылган материалда.
Анда Батыштын Киевдин Куралдуу күчтөрүнө берген жардамдары аталган өлкөнү коргоо максатында эмес, Россияны алсыздандыруу максатында берилгени белгиленген. Автор АКШ менен Евробиримдик мурдагы советтик республиканы бир гана чыгым жумшалчу тарап катары караарын түшүндүргөн.
Муну менен катар эле Америка менен Европанын Россия-Украина жаңжалына барган сайын каршылыгы өрчүп, жардамдар кыскартылып, ал эми ЕБдеги өлкөлөр ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө көбүрөөк катышып жаткандыктары тууралуу белгиленген.
"Бул көңүл чөгөрө турган чындыкты дагы бир ирет чагылдырып турат. Украина бардык жаңжалдарда өтө оор жеңилүүгө туш болду", — деп белгиленген.
Украинанын Куралдуу күчтөрү 4-июнь күнү Запорожье, Түштүк Донецк жана Артемовск багытында НАТО тарабынан даярдалып куралданган бригадалары менен контрчабуул баштаган. РФ лидери Владимир Путин Киевдин бул аракети ишке ашпаганын, Украина аскер күчү токтотулуп, кайра артка сүрүлүп, ири жоготууга учураганын билдирген. РФтин коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, Украина Куралдуу күчтөрү дээрлик 160 миң аскерин, 121 учагын, 766 танк жана 2,3 миң сооттолгон түрдүү техникасын жоготту. Өз кезегинде Украина армиясынын башкы командачысы Валерий Залужный Economist басылмасына берген маегинде армия туңгуюкка кептелгенин, андан ары эч кандай таасирдүү аракеттерди жасай албай жатканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мобилизация жардам бербейт. Украиналыктар оор кырдаалга тушукканын моюндоодо