БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Адам өмүрлүк жолдош тандоодо адегенде экөөнүн жашоодогу багыты, максаттары дал келиши керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин эфиринде Нике агенттигинин директору Роза Иманалиева айтып берди.
Ал идеалдуу түгөй издөөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин белгилеген.
"Ылайыктуу өнөктөш издөө жолдорун көп учурда адамдардын тээ бала кезинде калыптанып калган аң-сезим, түшүнүктөрү татаалдаштырат. Мындан тышкары, турмуштагы бактысын табууга азыр көбөйүп кеткен коуч, социолог, психологдор да таасир этүүдө. Алар адам өзүн сүйүш керек деп кыйкырып чыгышууда, ошол эле учурда канткенде сүйүүнү туура пайдалана аларыбызды эч бири айтпайт. Өзүңдү сүйүү дегендин ичинде өнөктөшүңө сый-урмат, ага карата сүйүү да бар да. Бизге көп учурда бир гана өзүн сүйгөндөр кайрылат. Аларда түгөйүнө тартуулаганга сүйүү жетишсиз. Бул адамдар бири-бирин укпай, тыңдабай калгандыкты билдирет. Ошондуктан идеалдуу өнөктөш табуу оңой эмес, бул чоң эмгек жана жоопкерчилик. Биз жар издеп кайрылгандарга бири-бирине төп келишүүсүн, приоритеттерине карап, татаалдаштырылбаган психологиянын жардамында жардам беребиз", — деген Иманалиева.
Ошондой эле ал нике агенттиктерине үй-бүлө куруу үчүн жар издөөдө жардам сурап көбүнчө аялдар кайрылышарын белгилеген.
"Нике агенттигине кайрылгандардын көпчүлүгү аялдар. Статистика боюнча, "он кызга тогуз жигит" деп бир ырда айтылгандай эле. Ошондой эле бул нерсе аялдар романтика жаатында эркектерге караганда чечкиндүүрөөк болушканы менен байланыштуу", — деп кошумчалаган Иманалиева.