Быйыл кайсы саясатчы мүчөл жашын белгилейт?

Ошентип 2024-жыл да келди. Чыгыш календары боюнча, анын "ээси" делген ажыдаар күчтүн, энергиянын символу болуп эсептелет. Биз дагы Улуу жылында төрөлгөн кыргызстандык саясатчыларды тизмектедик.
Sputnik
Ажыдаарга бийлик эле эмес, ийгилик, байлык жана эркиндик да таандык. Бул жылы жарыкка келгендер мүнөзү менен өзгөчөлөнүп турат, идеяга берилгендей эле достук, тартип, үй-бүлө баалуулуктарын туу тутуп келишет.
12 жылда бир келе турган ажыдаарга 1964, 1976, 1988, 2000, 2012 жана 2024-жылдары төрөлгөндөр туура келет.

"Ажыдаар" саясатчылардын тизмеси төмөнкүдөй болду:

Жогорку Кеңештин депутаттары

Абдалиев Мейкинбек Акимович. 1976-жылы 11-февралда Жалал-Абаддын Ноокен районунда туулган;
Алимжанов Фарходбек Айбекович. 1988-жылы 3-мартта Ош шаарында туулган;
Атамбаев Сеидбек Алмазбекович. 1976-жылы 2-июлда Москва шаарында туулган;
Жумабеков Дастанбек Артисбекович. 1976-жылы 2-ноябрда Таластын Кара-Буура районундагы Сатыкей-Кара айылында туулган;
Исираилов Азамат Алмазбекович. 1988-жылы 20-майда Ош шаарында туулган;
Мамытов Талант Турдумаматович. 1976-жылы 14-мартта Жалал-Абаддын Майлы-Суу шаарында туулган;
Молдобекова Гүлкан Сакиновна. 1964-жылы 16-апрелде Таластын Кара-Ой айылында туулган;
Рысбаев Равшанбек Рысбаевич. 1976-жылы 2-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Борбаш айылында туулган;
Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич. 1976-жылы 16-сентябрда Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айлыныда туулган;

Министрлер

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров Акылбек Үсөнбекович. 1964-жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунда туулган;
Коргоо министри Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич. 1964-жылы 15-октябрда Ысык-Көл облусунда туулган;
Мурунку айыл чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович. 1964-жылы 27-февралда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Тепке айылында туулган;
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович. 1988-жылы 9-сентябрда Нарындын Кочкор районундагы Туз айылында туулган.
Өкмөт өзү туулган жерде айыл өкмөт башчысы болууга уруксат берүүнү сунуштады