Радио

Жаңы жылдык майрамдарда ЖКККББ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу жаңы жыл майрамдарына жакын автобекеттерде мамлекеттик органдардын кызматкерлери нөөмөттө туруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын айтты.
Sputnik
Жаңы жылдык майрамдарда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Жаңы жыл майрамында коомдук коопсуздукту, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кырсыктарды алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар пландалып, түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

"Маселен, автобекеттерде мамлекеттик органдардын кызматкерлери нөөмөттө туруп иштеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Эс алуу күндөрүнө байланыштуу республиканын алыскы аймактарына кете турган жүргүнчүлөр арасында нааразычылыктар жаралбашы үчүн чаралар көрүлөт", — деди Айтикул уулу.

Ошондой эле адис ушул жылдын 8-мартынан тарта Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга катаал эрежелер киргизилип, анын натыйжасы оң жыйынтык берип жатканын кошумчалады.