Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгын башкармай болду

II Элдик курултайда Абдылдаев Улуттук кеңештин төрагасы болуп шайланган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек.— Sputnik. Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул туурасындагы тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы жыйналышынын протоколунун негизинде Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Катчылык тууралуу Конституциясынын 71-беренесинде, "Элдик Курултай жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 9-беренесинде айтылган.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 15-декабрында өткөн II Элдик курултайда Абдылдаев Улуттук кеңештин төрагасы болуп шайланган.
Жапаров "Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду