Кыргызстандын куржунунда ушу тапта Кумтөрдөн алынган 50 тонна алтын бар

Чет элдик компания иштеген 28 жылда республика кенден 100 миллион доллар алса, акыркы эки жылда андан жети эсе көп пайда көргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Кыргызстандын куржунунда ушу тапта Кумтөрдөн алынган 50 тонна алтын бар. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.
Ал Кумтөрдөн түшкөн кирешени кенге республика өзү ээлик кыла баштагандан кийинки учур менен салыштырган.
"Кумтөрдү чет элдик компания иштеткен 28 жылда 410 тонна алтын казылган, анын бир граммы дагы Кыргызстанга калган эмес. Ушул жылдары үлүштүк кирешеден болгону 100 миллион доллар киреше алганбыз. Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин, тактап айтканда, 2022-2023-жылдагы жалпы кирешеси 698,6 миллион доллар, мындан тышкары, 50 тоннадан ашык алтын кампабызда турат", — деп жазды Орунбеков.
Кыргызстандан жылына эки миллиард доллар чыкканы ойлондурушу керек. Маек