Кыргыз-кытай чек арасындагы эки бекет 1-январда иштебейт

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекеттери 1-январда жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, пунктулар кытай тараптын демилгесинин негизинде жабылат. Анткени бул күнү Кытайда жаңы жыл тосулат. 2-январдан тарта адамдар, транспорттор жана жүктөр өткөрүлө баштайт.
Чек ара кызматы бул бекеттер иш күндөрү штаттык режимде иштей турганын жана ишемби, жекшемби күндөрү жабыларын эскертти.
Садыр Жапаров Нарындагы жаңыланган "Торугарт 2" бекетине барды. Сүрөт