БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бийлик Бишкекке кошула турган жерлерди трансформациялоого мораторий киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул нерсе кызыл кулактыкты алдын алуу үчүн жасалат.
"Бишкекке кошула турган жерлердин баасы өсө турганын баары билет. Ал жерлер азыр айыл чарба багытында колдонууга ылайыкталган. Мораторий Бишкектин башкы планы иштелип чыкканга чейин күчүндө болот. Башкача айтканда, биз көп кабаттуу үйлөр, жолдор жана социалдык объектилер кайсы жерде куруларын аныктап алгандан кийин гана трансформация үчүн мүмкүнчүлүк беребиз", — деди Жунушалиев.
Калаа башчысы кызыл кулактыкты алдын алуу үчүн жерди сатуу жана сатып алууга да мораторий киргизүү зарыл деп эсептейт.