БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Өзү туулган жерде айыл өкмөт башчысы болуп иштөөгө уруксат берүү сунушталды. Мыйзам долбоорун министрлер кабинети иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.
Ушундай эле талапты Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринен дагы алып салуу каралган.
Мындай чектөө 2021-жылы киргизилген болчу. Өкмөт кайра бул норма керексиз деген бүтүмгө келген.
Депутаттар демилгени биринчи окууда колдоп берди. Надира Нарматова бул туура чечим экенин айтып, айылга башка жактан барган жетекчи таанышып чыкканга чейин эле көп убакыт кетип каларын белгиледи.