Дарыгер жаңы жыл алдында салаттар канчага чейин сакталарын эскертти

Адис ууланып калбаш үчүн салатты аз-аздан, бирок жаңы жасап турууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Соус кошулган салат муздаткычта турса 12 саатка чейин, соус кошулбаса 18 саатка чейин жегенге жарактуу болот. Бул тууралуу токсиколог Михаил Кутушов билдиргенин Sputnik радиосу жазды.
Анын айтымында, салаттын жарактуулук мөөнөтү соустун бар-жогунан жана бөлмөдөгү абанын температурасынан көз каранды.
"Эгерде салат бөлмө температурасында 6 саат турса, аны жебей эле койгон оң. Жумуртка, балык кошулган азык болсо андагы бактериялар көбөйүп, ачып кетиши ыктымал", — деген Кутушов.
Токсиколог салатты дасторконго коер алдында аралаштырып, колдон келсе аз-аздан жаңы жасап турууну сунуштаган.
Улуу жылында дасторконго эмне коюуга болот? Астрологдордун сунушу