Акылбек Жапаров чыгымы көп ишканаларды сындап, бирин жоюу туурасында айтты

Мамлекеттик ишканалар, акционердик коомдор 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчет берген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзүн актабаган, чыгымдары көп мамлекеттик ишканаларды сындап, алардын бирин жоюуну карап чыгууга көрсөтмө берген.
Өкмөттүн маалымат кызматы Жапаровдун мамлекеттик ишканалар менен акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчетун уккандыгын билдирди. Анда компаниялардын өз тармактарындагы көйгөйү, рентабелдүүлүгү талкууланган.
Биринчилерден болуп кирешелүү ишканалар отчет беришкен. Андан кийин чыгымы көп мамлекеттик ишканалардын маалыматы угулган.
Министрлер кабинетинин башчысы "Мамлекеттик лотерея компаниясы" мамлекеттик ишканасынын эки жылдан бери рентабелдүү эмес ишмердүүлүгүн сынга алды.
"Эмне үчүн мамлекет пайда көрбөгөн, андан дагы монополист ишкананы кармап турушу керек", — деген Жапаров бул ишкананы жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган.
Ал ар бир мамлекеттик компаниянын бизнес-планы жана процесстерди түшүнүүгө башкаруучулук мамилеси болушу керек деген пикирин айткан.
"Кызматтык автоунааларды сатып алуу жана кеңсени оңдоп-түзөп коюу майнаптуу башкаруу эмес, булар жөн гана чыгым. Технологияларды сатып алып, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу керек", — деди өкмөттүн башчысы.
Жапаров жана мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилерин 25-январга чейин мамлекеттик ишканаларды мындан ары өнүктүрүү боюнча бизнес-пландарды тапшырууга милдеттендирди.
Кыргызстанда көп киреше тапкан ишканалар аталды. Сап башында кайсылар турат