Мэр: Бишкек шаарынын аянты үч эсе кеңейип, четиндеги айрым айылдар кошулат

Баш калаага тегерегиндеги 8 айыл өкмөт, андан сырткары, Чүй облусунун төрт айыл өкмөтүнүн айрым айылдары кошула турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Борбор калаанын аймагы үч эсеге, тагыраагы, 37,8 гектарга чейин чоңоет. Бул туурасында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Учурда борбор калаанын аянты 12,9 миң гектарды түзөт.
Жунушалиев Бишкекке анын тегерегиндеги 8 айыл өкмөтү, андан сырткары, Чүй облусунун төрт айыл өкмөтүнүн айрым айылдары кошуларын айтты.
Бул боюнча жарлыкка жакын арада президент Жапаров кол коёру маалым болду.
"Биз шаарлардын өнүгүүсүн караштырдык. Алар радиалдык же параллель схема боюнча кеңейет экен. Биз радиалдык ыкмасын ала турган болдук, анткени муну менен жол инфраструктурасын өнүктүрүү ыңгайлуу болууда", — деди мэр.
Бишкек чоң айылга айланып калышы мүмкүн. Жапаров шаардыктарга кайрылды