Украиналык ыкма. Батыш Борбор Азияга кантип жик салууда

"Бөлүп-жарып тескей бер" принциби жоюла элек, ушу тапта Борбор Азия өлкөлөрүн Россиядан оолактатуу аракеттери күчөп жатат. Бирок мындай кыйратуучу ниет акыры жакшылыкка алып барбай турганы маалым.
Sputnik
Борбор Азия элдеринин меймандостугу келген конокту таарынтууга, жаман нерседен шектенүүгө жол бербейт. Кээде тууганына караганда мейманын көбүрөөк сыйлаган учурлар бизде арбын, баласына бербеген таттуусун коногунун алдына койгончо шашат. Саясатта деле ошондой. 1991-жылы эгемендүүлүгүбүздү жарыялагандан кийин көп конок келди, биз баарын жылуу-жумшак тосуп алдык. Жаңы нерсенин баарына, көрсөтүлгөн жардамга, айтылган кеңештин ар бирине жетине албай сүйүндүк...
Бирок кээде келген конок алгач кеңеш берип, анан үйрөтө баштаган учурлар кездешет. Кыныгын таап алган соң келген жердеги тартипти өзгөртүүгө аракет кылат. Адатта мындай мейманды эртерээк узатып жиберүүгө ашыгышат. Бирок эгер үй ээси келген адамдын чын ниетин элес алып аңдабай калса же аңдагысы келбесе, бир топко чейин тынчтыгын жоготот.
Борбор Азия улуу тарыхый окуялар өткөн жер катары да, маданияттардын, цивилизация, дин, элдердин чырмалышкан аймагы катары да чет элдик изилдөөчүлөрдү дайым кызыктырып келген. Мындан тышкары, аймактын стратегиялык мааниси күч, ушундан улам да регионго көп кызыгып келишет. Тарыхчылар өткөн чакта Борбор Азиядагы мамлекеттердин көбүнүн саясаты дал ушул максатка негизделип келгенин билишет. "Аймакты көзөмөлдөө" бүгүн да дүйнөлүк оюнчулардын тышкы саясатындагы маанилүү максат бойдон калууда.

Ажыратуу саясаты

"Борбор Азия тышкы күчтөрдүн олуттуу таасирине кабылып жатат". Бул — ушу тапта ЖМКлар менен аналитикалык басылмалардын көп жазган сөзү. Бирок "тышкы күч" деген термин дайым эле өз маанисин түшүндүрүп келген эмес, акыркы кезде бир топ өзгөрүп кетти.
Эгемендик алган мезгилдин башында региондогу өлкөлөр үчүн тарыхы бир Россиядан башкасынын баары "тышкы" эле. "Шанхай бешилтиги" (кийин ШКУ болду) өнүккөн сайын Кытайдын таасири тарыхый жактан кадыресе жана жалпы кызыкчылыкка негизделген көрүнүш катары кабыл алынды. Баса, Иран дагы географиялык жактан да, тарыхый жактан да региондун бир бөлүгү болуп саналат, андыктан ШКУнун өсүп-өнүгүшү менен кайрадан мурунку калыбында кабылданышы мүмкүн, бирок азыр биз Борбор Азиянын азыркысы менен келечегинин калыптанышына жигердүү катышкан Россия менен Кытай тууралуу сөз кылып жатабыз.
Россия да, Кытай да эч убакта Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара алакасынын жана Чыгыш — Батыш деп бөлүнбөгөн жалпы дүйнө коомчулугу менен мамилесинин өнүгүшүнө каршы болгон эмес, боло алмак да эмес. Коопсуздукту сактоо, саясий, соода-экономикалык жана башка процесстердин аныктыгы Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшкөн Москва менен Пекиндин артыкчылыктуу багыты болуп келген, боло да бермекчи.
Бирок Батыш мындай жагдай менен эч келише албай койду. Эгер мурда бул тууралуу айтылбай келсе, азыр Борбор Азияны Россиядан ажыратуу саясатын ачык эле таңуулай баштады. "Бөлүп-жарып тескей бер" принциби жок болуп кете элек, ушу тапта Борбор Азия өлкөлөрүн Россиядан оолактатуу аракеттери күчөп жатат. Бирок мындай кыйратуучу ниет акыры жакшылыкка алып барбай турганы маалым.
Быйыл деле "Борбор Азия +" форматында өткөн жолугушууда АКШ менен Евробиримдиктин өкүлдөрү регионду "өз канатына" калкалоо ниетин бир нече ирет айтышты. Эч чочулабай максатын ачык билдирип жатса өз күчүнө ишеними өтө эле күч же Борбор Азия мамлекеттери өз үйүндө пикир келишпестикке жол бербей турганын түшүнбөсө, анда аңкоо. Мында биринчи жана башкы максат — Россиядан ажыратуу, андан кийинкиси — Кытайга болгон терс маанайды жаратып, андан кийин оолактатуу. Россия боюнча айтсак, ишке ашыруу өтө оор маселе, анткени регион бул өлкө менен тарыхый, географиялык жана экономикалык жактан тыгыз байланышта. Кытай менен мамиле башкачараак: бул өлкө өзүн дайым ааламдын борбору деп эсептеп, коңшуларына бир аз кемситкен мамиле жасап келген. Бирок мындай жагдай Пекин менен бекем алака түзүүгө жолтоо болгон эмес, анын негизин соода түзгөн. Бүгүн Кытай менен алака экономика эле эмес, саясат, коопсуздук, курулуш тармагында да бекем. Маданий менен гуманитардык багытты атпай тек коелу. Россия менен Кытайдын Борбор Азия элдеринин жашоосундагы мааниси Батыштын тынчын алып келет, мындан улам регионду алгач Россиядан, андан кийин Кытайдан да ажыратууну көздөп жатат.
Борбор Азия эки державанын ортосунда жайгашкан, ал эми географияны жеңе албайт эмеспизби. Калганынан — тарыхтан, маданият, билим берүү, тил менен жазуудан шек туудуруу мүмкүн, буларды жеңүүчүгө карап "өзгөртүүгө" болот. Бул процесс Жерге түшүп, аны өзгөртүүгө бел байлаган инопланетяндар тууралуу тартылган фантастикалык тасмаларга үндөшүп кетет.
Афганстанды чайпоого каршы турууда Борбор Азия менен Россиянын ролу кандай? Сереп

Максатка жеткирчү курал

Душманды этибарга албай коюуга болбойт, ал эми жамааттык Батыш сыяктуу каршы тарап менен өтө сак болуу зарыл. Ал он жылдыктарга, керек болсо кылымдарга план түзүп, комплекстүү иштейт. Бөлүп-жаруу жана өзгөртүү процессинде базалык курал катары тарых, тагыраагы, аны манипуляциялоо пайдаланылат. Тигил же бул окуяга тарыхый көз караштардын ар башкалыгы коомдо "керектүү" маанайды жаратууга ыңгайлуу негиз болуп берет, аны каалаган, ошол эле кезде деструктивдүү багытка буруп жиберүү оңой.
Бул биринчи кезекте байыркы тарыхка тиешелүү, анткени аны текшерүү кыйла татаал, кээде такыр эле мүмкүн эмес. Технологиялык жактан баары мындай болот: ЖМКда, социалдык тармактарда, мессенджерлерде кыска, татаал темалар боюнча билдирүүлөр жарыяланат. Мисалы, совет доорунда Борбор Азиядагы кайсы бир элдин чыныгы тарыхын жашырып келишкен, чын-чынына келгенде дал ошол эл байыркы болуп эсептелет, анын өкүлдөрү керек болсо кытай императорлору чочулап турган алп көчмөн болгон дешет. Талкуу башталганда СССР эмне себептен муну жашырып келген деген суроо ташталат. Анткени бул идеологиялык жактан кооптуу келип, өлкө жетекчилиги үчүн ылайыксыз болгон, бул элдин улуу тарыхы улуттук сыймыкка айланып, башкаруу кыйындамак деген жооп узатылат.
Андан кийин экинчи фактор чыгат — Борбор Азиянын Россия империясынын курамына кириши. Бул учурду Батыштын саясий технологдору "колонизация" деп атап келишет. Демек, алардын пикири боюнча, токтоосуз деколонизация, башкача айтканда, бошотуу зарыл. Бирок алар бардык нерсени, империяга байланышы жок советтик өткөн чакты да (улуттук мамлекеттин түзүлүшүн, өнөр жайды, илим-билимди, маданият, тил, бакубат жашоону) деколонизациялоону талап кылышат. Мындай талаптын акылга сыйгыс экени эч кимдин башын оорутпайт, анткени ал "жүрөк үшүн алган" СССР тууралуу бышы кулак болуп бүткөн жаштарга багытталат.
Жик салуунун дагы бир маанилүү фактору — жалпы тарыхтагы көбүрөөк белгилүү кайгылуу эпизоддор, мисалы, Улуу Ата Мекендик согуш учуру. Мында согуш тууралуу "аңгеменин" эки багыты бар. Биринчиси — ал мезгилде орустардын Борбор Азия элдерине жасаган мамилеси начар болчу, алардын эрдигин көп ачыкка чыгарбай, кээде атайылап "көрбөй" калышчу. Экинчисин кабыл алууга кыйын, акылга сыйгыс десе да болот, анткен менен аны бизге таңуулоого аракет күч. Болжолдуу түрдө мындай: согуш учурунда Орто Азиядан барган айрым жоокерлер улуттук көз карандылык үчүн күрөштүн маанилүүлүгүн түшүнүп, советтик эзүүдөн кутулуу үчүн атайылар фашисттердин тарабына өтүп кеткен.
Бул болжолдуу мисалдар, бирок "украин тажрыйбасын" түз кайталоо экени анык. Алгач украин элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы ролунан шек санатып, андан кийин улутчулдарды эле эмес, фашисттик карателдик бөлүктөрдүн мүчөлөрүн да актай башташты. Биздин соцтармак менен мессенджерлерде да ССтин Түркстан легиону тууралуу айтылып жүрөт — анык эле Украинада колдонулган ыкма. Белгилүү социалдык түйүндүн кэш-сервери Украинада экенин эске алсак, жел кайдан уруп жатканын дароо эле билебиз.

Акыл-эстин чегинде

Батыштын пикиринде, Борбор Азия мамлекеттеринин тили да кооптуу абалда, өзгөрүүгө муктаж. Бизге региондо Россияга байланышкан нерсе өтө көп экенин, кириллица улуттук тилдердин өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жатканын улам айтып келишет. Дал ушул себептен латын алфавитине өтүүнү сунушташууда. Чын-чынына келгенде Батыш, мисалы, кыргыз тили жана анын өнүгүшү үчүн эмес, орус тилдүү китептерде жана башка булактарда реалдуу тарых жазылганына күйпөлөктөп келет. Орусча араң окуп түшүнгөн муун үчүн туура эмес идеяларды сиңирүүгө мыкты өбөлгө. Орус тилинде жазылган нерселерди окуп-үйрөнүүгө чамасы чак жана Россия менен бир маалыматтык айдыңга кирбеген жаштарды башкаруу оңой. Аларга башка тарыхты: Экинчи дүйнөлүк согушта Батыш создаштар жеңгени, СССР менен гитлердик Германия экөө бирдей апаат, ал эми саткын түркстандык легион Борбор Азия элдеринин эркиндиги үчүн күрөш жүргүзгөн деп жазылган китеп, тасмаларды таңуулоо жеңил.
Орус тили менен кириллица — улуттук тилге душман эмес, улуттук тил илиминин системасын түзүп, өнүктүрүүгө жардам берген табигый өнөктөшү. Бул азыркы тилдердин тарыхы, абалы менен далилденеген нерсе, дал ушул совет доорунда тилдердин өнүгүүсү жогорку чекке жеткен. Латиницага өтүү тилди үйрөнүү көйгөйүн чечпейт, бирок тил илимин кыйла начарлатат. Орус тилинин маанисин төмөндөтүү Борбор Азиядагы билим берүүнүн деңгээлин көтөрө албайт, бирок окутуу системасын кыйын абалга тушуктурат. Албетте, Батыштын билим берүүсүнүн өзүнүн артыкчылыгы бар, аны жокко чыгарууга болбойт, бирок жеткиликсиздиги жана колдонуу чөйрөсүнүн тардыгы башкы кемчилик бойдон кала берет.
Батыш Борбор Азияны жайына коет деп күтпөш керек, тарыхты, маданиятты жана билим берүүнү өзгөртүү аракети күч алат. Бүгүн эле социалдык тармактар өткөн чак, учур чак жана келер чак тууралуу бурмаланган маалыматка толуп турат, бурмалоо мындан ары да катуулай берет.
Тарыхты сактап, тилди, маданиятты өнүктүрүүдө Борбор Азия мамлекеттеринин ар биринин өзүнүн улуттук приоритети бар, ага эч ким кийлигише албайт. Муну менен бирге качандыр бир кезде тарыхый, маданий, билим берүү жана илимий бир мейкиндикти ээлеген аймак катары жалпы баалуулуктары да бар. Аны сактап, өнүктүрүүгө региондогу өлкөлөрдүн баары кызыкдар.
Батыштын Борбор Азияны өзүнө ылайыктап өзгөртүү далалатын жоопсуз калтырууга болбойт. Регионду чыр-чатактан, ичинен да, тышынан да иритүү аракетинен бизди маалымат айыдыңындагы биргелешкен чаралар гана коргой алат. Бирок чындыкты ошол бойдон сактап калуу — жарым иш, аны жайылтуу, жеткирүү — алда канча маанилүү, олуттуу жана татаал кадам.
Европанын Борбор Азиядан издегени эмне? Эксперттин пикири