Өкмөт Орозо айт менен Курман айттын качан болорун билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстанда Орозо айт — 10-апрелде, Курман айт 17-июнда болот. Бул туурасында өкмөт тараткан маалыматта айтылды.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койгон.

"2024-жылдын 10-апрели – Орозо айт, 2024-жылдын 17-июну – Курман айт, дем алыш майрам күндөрү", — деп айтылган маалыматта.

Буга чейин айттын качан болорун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы айдын чыгышына карап, тактап айтып келген. Бул сапар анын датасы эрте кабарланды.
Орозо жана Курман айттарынын болжолдуу датасы айтылды