Афганстанга СССР эмне калтырып кетти. Видео

Афганстандагы интернационалдык 10 жылдык милдетин аскерлер гана эмес, куруучулар жана инженерлер да аткарган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы бул боюнча, тагыраагы, 1979-1989-жылдарда курулган объектилер тууралуу тарыхый мааниге ээ видео жарыялаган.
Советтер Союзу бул республикага заводдорду, көпүрөлөрдү, ооруканаларды, ал тургай университет да куруп берген. Афгандар бир тобун азыр да колдонуп келишет.
Ал эми америкалыктар 20 жыл турган мезгилинде Афганстанга эмне таштап кетти? Чөгөлөгөн экономика, ээси жок калган эсепсиз курал, тынчыбаган жарандык согуш жана дүйнөдөгү айланган баңгизаттын 85 пайызы.
34 жыл мурда... Афганистандагы он жылга чукул созулган алааматтын аякташы