Михаил Горбачевдун соңку кайрылуусу. Тарыхый видео

Он мүнөт өтпөй маршал Евгений Шапошников Горбачевдон өзөктүк куралды башкара турган кейсти коду менен алган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 1991-жылдын 25-декабрында Советтер Союзунун башчысы Михаил Горбачев кызматынан кеткен.
Бул туурасындагы видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Анын алдында элге кайрылып, "принципиалдуу көз карашынан" улам отставкага кетип жатканын түшүндүргөн.
Горбачев даярдаган текстин окуп бүткөндөн кийин столдогу чай куюлган идишин карады, ал бош калган. Көз айнегин чечип, столдон турду. Бул анын Кремлде жайгашкан кабинетиндеги акыркы ирмемдери эле.
Он мүнөт өтпөй маршал Евгений Шапошников Горбачевдон өзөктүк куралды башкара турган кейсти коду менен алган.
Бир күндөн кийин 69 жылдык тарыхы бар Советтер Союзу деген ири мамлекет тараган.
Беловежский көмүскө бүтүмү: талкалаганды билебиз, бирок жарата албайбыз