Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Дмитрий Бивол Кыргызстанда желектин өзгөрүшү тууралуу оюн айтты. Видео

Спортчу эң негизгиси адамдардын жашоо деңгээлинде өзгөрүүлөр болушу керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанда желектин өзгөрүшү тууралуу оюн айтты.
Ал британиялык Линдон Артурду уткандан кийин "Ушатайка" YouTube каналына интервью берди.
"Мен бул окуяга аралашкым келбейт. Дайыма ушундай желек болчу. Башкасы болот экен... Эми башкасы болот. Башкысы, өзгөрүү өлкөдө болуп, элдин жашоосу жакшырса экен. Азыр толтура мемдер чыгып кетпедиби: желек өзгөргөндөн кийин инновациялар болуп, унаалар учуп... Тууну алмаштыруунун себеби бардыр. Башкысы, өзгөрүү адамдардын жашоо деңгээли менен байланыштуу болсо", — деген Бивол.
Бүгүн түнү Токмокто төрөлүп-өскөн Дмитрий бокс боюнча эки уюмдун версиясында дүйнө чемпиону аталды. Ал британиялык Линдон Артур менен беттешип, раунддардын бардыгында үстөмдүк кылып, калыстардын бирдей чечими менен жеңишти камсыздады. Бивол Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмундагы (WBA) чемпиондук наамын коргоп, атаандашынын Эл аралык бокс уюмундагы (IBO) титулун тартып алды.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Желектин өзгөрүшү. Ташиев балбан Жоламан Шаршенбековго жооп берди