Планетадагы эң сулуу кыз аныкталды. Сүрөт

Сынак адамдардын экологиялык маалыматын жогорулатуу жана айлана-чөйрө, жаратылышты коргоого салым кошуу максатында уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. "Жердин сулуусу" эл аралык сынагын албаниялык Дарита Зири жеңип алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Чүрөктөр таймашында төрт бийкеч жеңүүчү деп табылган. Алар: "Аба сулуусу", "От сулуусу", "Суу сулуусу" жана эң алдыңкы сапта – "Жердин сулуусу".

"Аба сулуусу" наамын Филиппиндин атынан чыккан Ильяна Адуана ээлесе, "От сулуусу" номинациясы таиланддык Кора Блиалултка берилген. Ал эми "Суу сулуусу" наамы Вьетнамдын өкүлү До До Тхи Лан Ань аттуу катышуучунун шыбагасына буюрган. Казакстан менен Россиядан барган бийкечтер финалга чыккан сегиз чүрөктүн катарына кирген.
Быйылкы жылдагы "Кыргызстан сулуусу" Айпери Кеңешбекова бул таймашка катышкан эмес.
"Жердин сулуусу" – жыл сайын Филиппиндерде өткөрүлүүчү эл аралык сынак. Ал экология жаатында маалымдуулукту жогорулатуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана адамдардын социалдык жоопкерчилигин күчөтүү максатында уюштурулат. Аталган таймаш "Дүйнө сулуусу", "Аалам сулуусу" жана " Мисс Интернэшнл" сынактарынын катарында болуп, эл аралык конкурстардын алдыңкы төрттүгүнө кирет. "Жердин сулуусу" фонду түрдүү өлкөлөрдөгү экологиялык жааттагы түзүмдөр, министрликтер, жеке ишканалар жана Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду менен кызматташат. Сынак 2002-жылдан бери негизинен Филиппиндерде өтүп, түз эфирде 80ден ашык өлкөдө көрсөтүлөт.
Сальвадордо "Аалам сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Видео