Студенттердин 8 стартап-долбоорун мамлекет каржыламай болду

Бул сынакка катышуу үчүн жогорку окуу жайдын жана колледждин студенттеринен 158 арыз түшүп, алар үч этапта сындан өтүп, сегизи тандалган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетине караштуу "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашыруу боюнча сегиз стартап долбооруна мамлекет каржылык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
1 / 3

Министрлер кабинетине караштуу "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашыруу боюнча сегиз стартап долбооруна мамлекет каржылык колдоо көрсөтөт

2 / 3

Студенттик стартап" сынагына жалпысынан 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшкөн

3 / 3

Билдирмелер жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодо болуп үч кароодон өтүп, жыйынтыгында сегиз стартап-долбоор финалга өткөн

"Биз жеңүүчү долбоорлорго талапты катуу коюу менен жакшы шарттарды түзүп бергенге даярбыз. Анткени, акчаны бөлүп берип коюу оңой, бирок аны ишке ашыруу, атаандаштыкка туруштук берүү татаал", — деген онлайн/офлайн форматында кеңешме министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов.
"Студенттик стартап" сынагына жалпысынан 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшкөн. Билдирмелер жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодо болуп үч кароодон өтүп, жыйынтыгында сегиз стартап-долбоор финалга өткөн.
Финалда студенттер маалымат-санарип технологиялар, медициналык технологиялар, биотехнология, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия тармактарындагы долбоорлорду жакташты.
“Студенттердин идеяларын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 миллион сом каралган. Анын 3 миллион 160 миң 744 сому жеңүүчү аталган сегиз стартап-долбоорго бөлүнүп берилет", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Мамлекеттен каржы ала турган стартап-долбоорлор:
Ош мамлекеттик университети – PARKING.G – Акылдуу тосмо (автоунаа токтотуучу жайларды жана төлөм системаларын автоматташтыруу) стартап-долбоору, 989 687 сом;
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети – Санариптештирилген айыл чарба "Мал-Жан-Санак" стартап-долбоору, 770 миң сом;
"Ала-Тоо" эл аралык университети – ECG Vision автоматташтырылган ЭКГ декоддоо (окуу) системасы стартап-долбоору, 725 миң сом;
Кыргыз-түрк "Манас" университети – Basi - KG энтомопатогендик козу карындын негизинде биоинсектицид өндүрүү технологиясын иштеп чыгуу стартап-долбоору, 556 миң 300 сом;
Баткен мамлекеттик университети – FilterFish стартап-долбоору, 435 миң 344 сом;
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – ОЗОН-1 стерилизатору (SMART OZONATOR) стартап-долбоору, 300 миң сом;
Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – "Сүттүү малдын бруцеллез оорусунун экспресс-диагностикасы" стартап-долбоору, 257 миң сом;
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжи – "Күнөсканада карагайларды, декоративдүү дарактарды, декоративдүү гүлдөрдү, мөмөлөрдү жана башка көчөттөрдү өстүрүү" стартап-долбоору, 117 миң сом.
Айта кетсек, жогорку окуу жайлардагы бизнес-идеяларды ишке ашыруу, жаштар ишкердигине дем берүү максатында ушул жылдын март айында министрлер кабинетинин "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтому кабыл алынган.
Өлкөдөгү билимдин деңгээли — экономиканын күзгүсү. Экономист менен маек