Өкмөт: кыргыз-тажик чек арасынын дагы 11,88 чакырымы макулдашылды

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара аймагынын 90 пайызы макулдашылганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.
Жолугушуу-сүйлөшүүлөр Тажикстандын Бустон шаарында 17-декабрдан 23-декабрга чейин болгон.
"Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат. Кезектеги жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду", – дешти министрлер кабинетинен.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайызы макулдашылганын билдирген.
“Бир аз тилкелер гана калды, кудай буюрса аларды дагы жакынкы күндөрү тактап, аягына чыгарабыз. Ал Кайрагач, Кулунду, Максат, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жерден Жийделикке чейинки аймактар. Биз Карабак жана Ляккон (тажик айылы) боюнча үч өлкөнүн чегине чейин макулдаштык. Муну менен бардык талаштуу маселелерди чече алдык. Буюрса дагы бир нече жолугушуу болот, анан мамлекеттик чек аранын баары жазылып бүтөт”, — деген ал.
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси жазында чечилип каларын айтты