Сууну товар катары кароо мезгили келди. Министрдин орун басары менен маек

Климаттын өзгөрүшү жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маселесин актуалдаштырууда. Өзгөчө Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын колдонуу көйгөйү убакыттын өтүшү менен курчуй берери айтылган.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан редакциясында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов болду. Биз суу ресурстарын пайдалануу саясаты тууралуу маектештик. Учурда өлкөдө сууну эффективдүү пайдалануу багытында кабыл алынып жаткан чечимдер келечегибизди аныктаары турган иш.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов
— Сиздердин кызмат министрлик болгондон бери эмне иштерди жасады?
— Президенттин жарлыгы менен Жер жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн. 2022-жылы биринчи отуруму болуп, анда 2040-жылга чейинки суу стратегиясын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган. Стратегия сууну сарамжалдуу пайдалануу, коргоо жана аталган тармакты реформалоону камтыды. Республиканын суу ресурстарын бассейндик принцип менен башкаруу боюнча тескеме чыккан. Натыйжада өлкөдөгү суу ресурстары беш бассейнге бөлүнүп, чек аралары аныкталды. Аларды башкаруу үчүн бассейндик кеңештер түзүлүп, ага бардык каалоочулар кире алат. Буга чейин сугат жана таза сууну колдонууга маани берилгени менен суу ресурстарынын калганына тийиштүү деңгээлде көңүл бурулган эмес. Ошондуктан сууга акы төлөөнү киргизүүдөбүз. Алсак, тоо-кен тармагындагы компаниялар 2 700 метр бийиктиктен жогорулары суунун бир кубу үчүн 100 сом, ал эми 2 700 метрге чейинкилери 60 сомдон төлөшөт. Калган өндүрүштүк ишканаларга 2 сом 30 тыйындан каралган. Бул норма киргизилгенден бери 725 миллион сом бюджетке түштү. Мындан тышкары, учурда суу ресурстары боюнча бирдиктүү маалыматтык база иштелип чыгууда. Ал бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү болот.
— Коңшулардан газ менен мунайды сатып алабыз да, бирок сууну бекер беребиз...
— Туура. Ар кандай жаратылыш кырсыктары болот. Каналдардын жээктерин суу жеп, сел жүрүп кетет. Мунун баарын оңдоп-түзөөгө, калыбына келтирүүгө каражат керек. Ошондуктан сууну товар катары карай турган мезгил келди.
— Суу саясаты кандай жүрүүдө? Бизде суунун ээси ким?
— Улуттук кеңештин экинчи жыйынында да талкуу болот. Суу саясатынын дээрлик 90 пайызын сугатка, мелиорацияга, ирригацияга пайдалангандыктан орчундуу бөлүгүнүн жоопкерчилиги Айыл чарба министрлигине жүктөлгөн. Таза суу Архитектура жана курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде болгондуктан алар дагы "суунун ээсибиз" дешет. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Гидромет түзүмү менен мөңгүлөрдү тескегендиктен алар да ээлик кылышат. Демек, учурда суу ресурстарын төрт мамлекеттик орган башкарат. Жергиликтүү бийликтин да үлүшү бар. Коңшу өлкөлөрдүн баарында бул жаатта бакыйган министрлик иштейт.
Суунун ээси — Кыргызстан. Бардык суулар биздин аймакта пайда болот жана таралат. Ошол себептен коңшу мамлекеттер арасында төрдө отуруп, сөзүбүз жогору болушу керек эле. Биздин структуралар башкача болгондуктан туура эмес саясат болуп калууда. Мисалы, башка мамлекеттердин генералдары келген жыйынга бизден полковник баргандай эле. Ар кандай форумдарда, семинарларды өткөргөндө кайсы мамлекеттик органга кайрыларын билбей ТИМге берип коёт. Алар тийиштүү бир мекемеге тапшырып коюуда. Бирок биз статусубузга жараша өзүбүздүн ишти татыктуу жүргүзүп жатабыз.
"Бишкек суу канал" абоненттерине сууну пайдалануу эрежелерин бузбоону эскертти
— Сууну сарамжалдуу колдонуу тууралуу айтсаңыз?
— 2023-жылдагы "Жашыл мурас" улуттук компаниясын аткаруу боюнча тескемеде жергиликтүү бийликтер милдеттеме алган. Биздин министрликке мониторинг жана көзөмөл жагы жүктөлгөн. Бул боюнча былтыркы жылдын маалыматына токтолсок, "бир адам — бир дарак" урааны менен планды ашыгы менен аткарып 8 миллионго жеттик. Чет мамлекеттердин 100-200 миллионго жетип жатканы мисал келтирилиши мүмкүн. Бирок алар чөп көчөттөрүн да тигип салса керек. Бул долбоорду Чүй облусунда уланттык, Баткен облусундагы каргашага байланыштуу ал жакка көбүрөөк басым жасадык. Өкмөттүн мөмө-жемишке да көңүл бөлүү тапшырмасынан улам Лейлек районунун Мурас айылына 100 гектар жерге азербайжан мистесин отургуздук, ал үч жылдан кийин мөмө берип баштайт. Мындан тышкары, Баткендин көп айылдарында мөмө-жемиш бере турган бак-дарактар тигилди. Анын катарында сөксөөл да жакшы өстү. Ушундай эле өнөктүк Талас облусунда да бар. Аймактагы тоо-кен компаниялары каражат бөлүп берип, ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузууга жардамдашты.
— Биотүрдүүлүктү коргоо боюнча кандай иш-аракеттер жасалууда?
— Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев фотоаңчылык боюнча Индияда өткөн иш-чарага мени да ала барды. Сейрек кездешүүчү жаныбарларды аткандан көрө фотоаңчылыктан пайда табууга болот экен. Биздин инспекция жер-жерлерде жаратылышты сактоо боюнча окууларды уюштурууда. Мындан тышкары, биз дагы аңчыларды чогултуп алып, мергенчилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Анан да туристтик сезон ачылганда ишембиликтен баштап, коргоо маселелерине чейин көп эмгек жасадык. Былтыр марко поло аркарынан жылына 140ты атууга уруксат берилгенине коомчулукта нааразычылыктар айтылган. Быйыл аны 89га түшүрдүк. Бирок аңчылыктын акысы көбөйтүлөт. Азыр аң-сезимдин өскөнүбү же маалыматтын жеткиликтүүлүгүнөнбү, айтор, табиятты таза сактоо боюнча эл бири-бирин көзөмөлдөп калды.
Өлкөдө өзгөчө коргоого алынган 23 аймак бар, анын 10у — корук, 13ү — мамлекеттик парк. Булар боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы менен экотуризмдин концепциясын иштеп чыктык. Азыр ал талкууда турат. Коруктарга туристтердин баруусу боюнча жөнөкөй ченемдик акт кабыл алынган, иш жүрүп жатат. Жогорку Кеңешке төрт нормативдик мыйзамга (Жер кодексине, Суу кодексине, "Айлана-чөйрөнү коргоо" мыйзамына жана жердин категориясын трансформациялоого) өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун бердик. Жакында комитеттерде, жалпы жыйында сунушубузду коргоп чыгабыз. Анын негизинде мөңгүлөр өзгөчө корголуучу аймакка кирип калат.
Россиядан келген үрөндөн мол түшүм ала баштадык. Айыл чарба адисинин маеги