БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде үч жаштагы кыз көз жумду. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, аталган факт Октябрь РИИБдин бирдиктүү реестрине катталган.
"Бөбөктү атасы тишин тазалатканга алып барыптыр. Кызга наркоз берилгенден кийин каза болгон", — деген Хасанов.
Кыздын атасы аны менчик стоматологиялык борборго алып барганын айткан. Дарыгерлер анализ тапшыруу керектигин айтып, бөбөккө жеңил наркоз берүүнү убадалашкан.
"Алар кызымды газ менен уктатабыз дешкен. Негизи тишинде көйгөй бар эле. Дарыгерлер ишин 106 миң сомго баалашып, биз макулдугубузду бергенбиз. Бирок операция жасай турган жерге кирүүгө болбой турганын айтып, киргизишкен эмес. Төрт жарым сааттай күтүп, анан тынчсыздана баштадык. Андан кийин мени бөлмөгө алып кирип, кызымдын тишин тазалап жаткан учурда жүрөгү токтоп калганын айтышты. Кызым мен көргөндө көпкөк болчу, денесинде ийненин издери калыптыр", — деген бөбөктүн атасы.
Кыздын атасы башында "ДентоMax" клиникасына барып, ал жактан бөбөктү Медакадемиянын медициналык борборуна жөнөтүшкөн.
"Биз эмнеге Медакадемиянын медициналык борборуна жөнөтүп жатканын сурасак ал жакта операция жасашарын, кызым дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керектигин айтышкан. Көп клиникага кайрылдык, баары эле тишти дарылаш керек дешкен. Бизге "Севоран" деген жаңы наркоз чыкканын айтып, медиктер анын зыяны жок деп ишендиришкен. Бирок кызым үзүлгөндөн кийин ага башка түрүн бергенин көрдүм. Күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жазалоону өтүнөм", — деген ал.
Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.
"Комиссияны министрдин кеңешчиси жетектейт. Азыркы тапта жабыркагандар кайрылган стоматологиялык клиниканын иши териштирүү аягына чыкканга чейин токтотулду. Бул ишти министр Алымкадыр Бейшеналиев жеке көзөмөлүнө алды. Укук коргоо органдарынын кайрылуусуна ылайык, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, аны министрлик тиешелүү адистерге тапшырат", — деп жазылат маалыматта.