Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Желектин өзгөрүшү. Ташиев балбан Жоламан Шаршенбековго жооп берди

Буга чейин балбан туунун өзгөрүшүнө каршы экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин спортчу Жоламан Шаршенбековго жооп катары жазган комментарийи пайда болду.
Буга чейин балбан Жоламан Шаршенбеков туунун өзгөрүшүнө каршы экенин билдирип, турнирлерге учурдагы желекти гана көтөрүп чыгарын айткан маалымат тараган.
"Бир дагы спортчу мамлекеттин желеги жок расмий мелдештерге катыша албайт. Аракет кылып гана көрсүн!" – деп жазган Ташиев.
Ал ошондой эле кабыл алынган мыйзамга жарандар баш ийиши керектигин кошумчалаган.
Учурда бул пост дагы, андагы Ташиевдин комментарийи дагы өчүрүлдү.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Тууну өзгөртүү: кечээ добуш бербеген депутаттар бүгүн колдой турганын айтышты