Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Тууну өзгөртүү: кечээ добуш бербеген депутаттар бүгүн колдой турганын айтышты

Эл өкүлдөрү эмне себептен добуш берүүгө катыша албай калганын айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кечээ тууну өзгөртүүдө добуш бербеген депутаттар бүгүн микрофонго чыгып, долбоорду колдой турганын жар салышты.
Жыйындын башында сөз алган эл өкүлдөрү добуш берүүгө эмне себептен катыша албай калганын айтып, жалпысынан желекти өзгөртүүгө макул экенин билдиришти.
Төмөндө цитата менен беребиз:
Гүлкан Молдобекова: мыйзам долбоору каралып жатканда шайлоочуларым келип калып добуш берүүгө жетише албай калдым. Негизи колдойм, макулмун.
Азамат Исираилов: мен дагы катыша албай калгам, мен да колдойм. Стенограмма үчүн айтып коёюн.
Арсланбек Малиев: кечээ мен жок элем, кнопкам (добуш берүүчү) басылбай калыптыр. Азыркы өзгөртүүнү колдойм, бирок мен желектин түсү көк болсун деп келем, кийин ошону баары бир киргизем.
Данияр Төлөнөв: экинчи окууда добуш бергем, үчүнчү окууда компьютерим иштебей калды. Ошого добуш бере албай калдым. Мен толугу менен колдойм.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Туу өзгөрсө документтер мөөнөтү бүткөнчө, бийлик чечим чыгарганча жарактуу болот