22-декабрга карата аба ырайы

22-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жума күнү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5...+10, Таласта +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +2...+7, ал эми Нарында -3...+2 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +8...+10, Ош калаасында +10...+12 градуска жетет.
Эки күндөн кийин Кыргызстанда күн кайра жылыйт