Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Жогорку Кеңештин депутаттары желекти өзгөртүүнү толугу менен колдоду

Спикер бул чакырылыш мамлекеттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу болуп калышы мүмкүн деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун колдоп беришти.
Бүгүн аталган маселе жалпы жыйында бир эле учурда экинчи жана үчүнчү окууда каралды. Натыйжада тууну өзгөртүүгө 59 депутат "макул", бешөө "каршы" добуш берди.
Мыйзам долбоорун карап жатканда суроо-талкуу болгон жок. Бир гана Нуржигит Кадырбеков өзгөртүүгө каршы пикирин айтуу менен чектелди.
Андан соң төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды желектин өзгөртүлүшү менен куттуктады. Ал бүгүнкү чакырылыш мамлекеттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу болуп калышы толук мүмкүн деп эсептейт.
"Урматтуу депутаттар, баарыңыздарды мамлекеттик туунун оңдолушу менен куттуктайм. Бул эч кандай өзгөртүү эмес, оңдолуу. Буга чейин ар кандай ачуу сөздөр айтылды. Айрыкча менин дарегиме коомчулукта ар кандай сын-пикирлер айтылды, катуусу да, орунсузу да болду. Бирок мен эч кимисине жооп берген жокмун. Мына ушул (добуш берүү) татыктуу жооп болду деп ойлойм", — деди Шакиев.
Эми мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койсо сунушталган вариант кабыл алынат.
ЖК комитети мамлекеттик тууну өзгөртүүнү колдоду. Кезек жалпы депутаттарда