БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Таттуу жана кычкыл тамак тиштин эмалына кандай таасир берет, эмне үчүн мындай тамактан кийин дароо тишти жууганга болбой турганын стоматолог Алексей Антипенко Sputnik радиосундагы маегинде айтып берди.
"Кариести пайда кылган бактериялар таттуу тамак менен гана азыктанат. Жарака кеткен тишке ширин нерсе тийгенде андагы бактериялар углевод менен азыктанып, органикалык кислота бөлүп чыгарат. Ал өз убагында тиштеги минералдык ткандарды – кальций менен фосфорду бузат. Андыктан таттууну канчалык көп жесеңиз, тишиңиз ошончолук бузуларын эстен чыгарбаңыз", — деген тиш дарыгери.
Стоматолог тиштин эмалын бузган азыктарга кычкыл жемиштер менен жемиш ширеси да кирерин айткан.
"Алма же лимондун кычкылы эмалдын сезгичтигин жогорулатат. Ооз көңдөйүнүн өзүнүн кызыктуу коргонуу системасы бар. Эгерде тиште кальций менен фосфат жетишсиздиги пайда болсо, кайрадан минералдаштыруу процесси башталат. Тагыраагы, шилекейге чыккан минералдык заттар кайрадан калыбына келтирилет. Бирок кычкыл нерсе жеп кислотаны көбөйтө берсек система бузулуп, тиш жабыркайт", — деп эскертти Алексей Антипенко.
Ал ошондой эле кычкыл, таттуу тамактан кийин дароо тишти жууганга болбой турганын айткан.
"Кычкыл же таттуу тамактан соң тишти кеминде 20-30 минуттан кийин тазалоо керек. Бул убакта эмалдын чийилип калган сырткы кабаты табигый түрдө калыбына келет. Ошондуктан таза суу менен чайкап коюу жетиштүү. Жууганда эмаль дагы жышылып калышы мүмкүн", — деп түшүндүрдү адис.