Кыргызстанда сасык тумоо жуктургандар көбөйдү

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. 17-декабрга карата Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоого кабылган 11 575 учур катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жумага салыштырмалуу (4-10-декабрга чейин) ооругандардын саны 43,4 пайызга өскөн.
Ошол эле учурда Санэпидкөзөмөл департаменти өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда ооругандар 4 эсе аз экенин белгиледи. Чүй облусу менен Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталган.
Сасык тумоого байланыштуу министр балдар үчүн кошумча орун даярдоону тапшырды