Өлкөдөгү билимдин деңгээли — экономиканын күзгүсү. Экономист менен маек

Кадрлар баарын чечет, ал эми мыкты адис даярдоо үчүн билим берүү системасы күчтүү болуусу керек. Тарыхта экономикасы гүлдөгөн өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы алгач билим берүүгө көңүл бурушканы айтылат.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду. Биз билим берүү системасынын экономика менен болгон байланышы тууралуу сүйлөштүк.
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
— Өлкө экономикасына билим берүү системасынын таасири канчалык?
— Орто кылымдарда Европа эмнеге алдыга кеткен? Аларда билим берүү системасы аябай чоң секирик жасаган. Араб мамлекети Х-ХI кылымда Багдадда Ак сарай салып, дүйнөдөгү илимпоздорду бир жерге чогултат. Ошол кезде Европанын ар бир шаарында университеттер ачылып, бири-бири менен атаандашып иштей баштайт. Бир университетте ачылыш болсо, экинчиси аны улап, үчүнчүсү андан ары өнүктүрүп жүрүп отурат. Ал эми Багдаддагы окумуштуулар Ак сарайы бир багытта гана иш алып баргандыктан анчалык ийгилик жарата алган эмес. Батыш Исаак Ньютон, Галилео Галилей өңдүү илимпоздордун ачылыштарын практикага ашырууга, Христофор Колумбдун кемелери кандай система менен иштеши керек деген ойдун тегерегинде изилденип, билим жана илим системасынын аркасы менен өнүккөн.
1957-жылы Америка биринчи жолу космоско спутнигин жиберген СССРден артта калган. "СССР озуп кетти" деп нааразы болгон америкалыктарга президенти Жон Кеннеди "биз билим берүү системасынан артта калып жатабыз" деген. Чынында эле Улуу Ата Мекендик согуштан кийин СССР билим берүү системасына, өзгөчө так илимдерге көңүл бура баштаган. Дүйнө жүзүндө эки негизги билим берүү системасы бар: болондук, классикалык. Классикалык билим берүү системасын Германия ойлоп таап, ал XIX кылымдын аягында эң мыкты система катары таанылган. Аны Япония, Кытай, СССР пайдаланган. Керек болсо ошол кездери Америка да "Германиядан үйрөнүү керек" деп миңдеген студенттерин жиберген. Убагында Германия көп технологияларды жараткан. Мисалы, велосипед, мотоцикл, граммофон, телефон, портативдик камера, телевизор, муздаткыч, компьютер, медицинадагы бактериологиялык илим, реактивдүү учактар, ракеталар жана жаңы экономикалык каржы системасы да ушул өлкөдөн чыккан. Ал эми Америкадан чыккан өзөктүк курал-жарак немец окумуштууларынын изилдөөлөрүнүн негизинде ишке ашкан. Адольф Гитлер бийликке келгенде анын саясатынан улам көптөгөн окумуштуулар Америкага, Англияга кетип калышат. Америкалыктардын "Гитлер жакшы жигит экен, мөмөсү бышып турган даракты силкигенде алмасын биз терип алдык" деп айтканы бар. Чынында эле кийин германдык билим берүү систамасынан чыккан мыкты окумуштуулардын кызматын Америка көрдү. 1990-жылы Советтер Союзу кулаганда "советтик классикалык билим берүү системасы жарабайт экен" дешип баары болондук системага өтө баштады.
Кыргызстанда мугалимдер менен окуучулар онлайн-окууну жактыра бербейт. Изилдөө
— Билим берүү тармагынын мөмөсүн татмак турсун, аны бир системага киргизе албай жатабыз да...
— Батыш бизге ушул убакка чейин билим берүүгө көңүл бөлүүбүздү айтып келет. Жакшылап байкасаңар, алар дүйнө жүзүнөн эң мыкты окугандарды терип кетип жатат. Аракет кылып балдарыбызды окутсак, жемишин алар көрөбү? Бизге мунун кереги жок. Ошондуктан комплекстүү саясат зарыл. Максатына жараша билим берүү системасын түзүү кажет. Өлкөгө биологдор, технологдор керек. Ал адистерди даярдаган соң жумуш, маяна менен камсыздоо зарыл. Германия дүйнөдө күчтүү мамлекетке айланып калганда Америка, Англия, Франция шылтоо таап Биринчи дүйнөлүк согушту баштаган. Германия ошол кезде жогорку билимге эле эмес, орто кесиптик окуу жайларга да көңүл бура баштайт. Ошол убакта эле турмуш-тиричиликке керектүү адистерди даярдап чыгуу зарылдыгын түшүнгөн.
Билим берүү менен экономика маселеси тыгыз байланышта. Мисалы, азыр деле энергетика тармагында потенциалыбыз чоң болгону менен адистер аз. Өлкөнүн өндүрүштүк багытына да элдин деңгээли таасир берет. Ошол эле технология жаатында компьютер же машина чыгарууга жетишүү керек. Кадр тартыштыгын мамлекет пландоо аркылуу чечиши зарыл. Анткени суроо-талапка жараша рынок балансты өзү тууралайт деген жарабайт. Пландык экономика кайсы тармакка канча адис керектигин алдын ала пландаштырып, ал мамлекеттик буюртма менен ишке ашырылат. Бул айланып келип эле башкаруу системасына такалат. Ошондуктан билим берүү системасын экономикага ылайык пландаштыруу керек. Кыргызстан кичинекей эле мамлекет болгондуктан муну ишке ашырууга болот.
— Анда эмнеге илимди тажрыйба менен айкалыштырып, өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн алып кете албай жатабыз?
— Биз чакан мамлекет болгондуктан системаны жөнгө салууга болот. Бирок азыр бул жаатта кандай реформа жүрүп жатканын билбейм. Бизде 100гө жакын институт бар. Советтер Союзунан бери инерция менен келе жатат. Окуу жайды таратайын десе, анда иштеп жаткандар жумушсуз калышы ыктымал. Бизге керектүү тармак боюнча билим берүүнү күчөтүү керек. Бирок азыр бизде жалпы тармактык окутуу жүрүүдө. Мамлекеттин каражаты да ошол институттарга көбүрөөк бөлүнүшү керек. Экономика саясасаты ушул сыяктуу стратегия ойлоп табышы зарыл. Бизге керектүү тармактарга адистер жок. Ал эми юрист, экономист өңдүү адистер жайнайт. Бирок өлкөдө укугун билбеген адамдар жана укук бузуулар көп. Япония классикалык билим берүү системасын карманат. 4-курстун студенти ар тараптуу универсалдык билим алат. Ал эми болондук системада кесиптик билимге басым жасалат. Японияда студент окууну бүткөндөн кийин гана жумушка кирип тажрыйба топтойт. 5-курсунда гана жумушка даярданып, изденип баштайт. Болондук системанын жакшы жери, адисти кыска мөөнөттө даярдайт. Бул эки тармактын кайсынысы туура экени да талаш жаратат. Биздин окуу жайды бүткөн жаңы адистер ошол тармактагы компаниянын заманбап талабына да шайкеш келбей калышы мүмкүн. Бүгүн 2-3 тармакты түшүнгөн адамдардын заманы. Билим берүү системасы мамлекеттик стратегияга жараша болот. Буга илимпоздор, академиктер, профессорлор да үн кошушу керек.
АКШ экономикалык жактан Кытайдан көз каранды болуп баратат. Маек