БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстанда Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу (ОСАГО) 2025-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин мартта кабыл алган токтомуна ылайык, Кыргызстанда катталган автоунаа ээлери ОСАГОну 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү түрдө өз каражатына сатып ала баштамак.
"Бирок азык-түлүктүн, коммуналдык кызматтардын жана башка тиричиликке зарыл буюмдардын кымбаттаганын эске алуу менен ОСАГОнун жоктугуна байланыштуу айып пул салуу мөөнөтү 2025-жылга жылдырылды", — деп айтылат маалыматта.
Мындай өзгөрүү камсыздандыруу рыногуна дагы сапаттуу даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.