Адамды семиртип жиберчү алкоголдук ичимдиктер аталды

Адатта ичимдиктин өзү эле ичилбейт, ага ар кандай азыктар сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 18 дек — Sputnik. Кайсы алкоголдук ичимдиктер адамды семиртип жибере турганын Sputnik радиосуна диетолог Анна Белоусова айтып берди.
Анын пикирине караганда, адамдын салмагына ичимдиктин кайсы түрүн ичери таасир этет.
“Мисалы, калориясы өтө төмөн болгон сыра бар, бирок аны өтө көп көлөмдө чипси, сыр сыяктуу кошумча азыктар менен ичишет. Мындан улам калория көбөйүп кетет”, — деди адис.
Белоусова спирт ичимдиктери да адамдын салмагы үчүн маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
“Калориялуулугу боюнча аларды майлардын катарына кошууга болот. Анын өзүн эле ичишпейт, сөзсүз тамак кошулат. Алкоголь табитти ачат, адам зарыл болгон көлөмдөн көбүрөөк тамак жейт”, — деп түшүндүрдү диетолог.
Адистин айтымында, ичимдиктин саламаттыкка терс таасири азыраак түрү — бул шарап.
“Калориясына карап анда-санда кызыл же ак шарап ичүүгө болот. Анын таттуусу, жарым таттуусу зыян болот, байкап ичүү зарыл”, — деген диетолог.
Ангина бөйрөк оорусун шарттайт. Нефрологдун кеңеши