Азия кубогу: Кыргызстандын футбол командасы машыгуу үчүн Дубайга учуп келди

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дубайга учуп келди. Бул туурасында Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Эки сааттай эс алгандан кийин оюнчулар машыгуусун баштайт.
Катарда өтө турган Азия кубогунун старт аларына 25 күн калды. Улуттук команда ага чейин бир нече оюн өткөрөт.
Футболчулар Кыргызстанга Азия кубогу соңуна чыккандан кийин кайтышат.
Кайрат Жыргалбек уулу Кыргызстандын эң мыкты футболчусу аталды