БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда Кыргызстандагы уран казуу маселесине токтолду.
Анын айтымында, Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол кенинде иш токтогондон кийин изилдөө жүргүзүлүп, уран казуунун зыяны жок экени аныкталган.
"Кызыл-Омполдо урандан башка дагы баалуу металлдар жатат. Ал жерде урандын 0,001 пайызы гана бар экен, аны алып жок кылса болот. Калган металлдар бир эле участокто 6,5 миллиард долларга бааланат. Ал жерде он участок бар. Демек, 65-70 миллиард доллардык байлык жатат. Башкача айтканда, эки Кумтөрдүн байлыгы бар", — деди Жапаров.
Ал совет мезгилинен бери Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатында уран иштетилип, учурда чийки зат жок болгондуктан ишкана араң иштеп жатканын кошумчалады. Президент коңшу өлкөлөрдү мисалга алып, Казакстан 2022-жылы 22 миң 808 тонна уран казганын, Өзбекстан 2404 тонна, Кытай 1885 тонна, Россия 2911 тонна уран алганын айтты.
"Муну дагы элге туура түшүндүргөн эмес. Анын артында "бизде уран казылбашы керек" деген кызыкдар адамдар турган экен. Анткени атаандаш болобуз да. Бизде казылса өздүк наркы башкалардыкына караганда эки эсе арзан болот", — деди өлкө башчы.
Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кениндеги иштер коомчулуктун нааразычылыгынан кийин "Кыргызстанда уран казылбайт" деп убада берген.