БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. II Элдик курултайда өлкө башчы Садыр Жапаровго "мугалимдердин укугун коргоп берсеңиздер" деген өтүнүч келип түштү.
Өлкө башчы туура маселе көтөрүлгөнүн айтты.
"Туура маселе, мен дагы кээде көрүп алып кейийм. Азыр аябай чын тийбес болуп калбадыкпы. Биздин убагыбызда сызгыч менен башыбызды томуйта эле чапчу. Анан үйгө барып айтсаң "чала болот, тентек кылдың да" дешет. Анткени ата-энебиз тентек экенибизди билет да. Мугалим жөндөн-жөн эле чаппайт, урушпайт. Тентектик кыласың, жинине тиесиң, анан кекиртектен ашып кетет дагы чабат. Бизди бор менен чекеге чапчу, сызгыч менен, болгондо дагы калың үч бурчтук сызгыч менен чапчу. Эч нерсе болбой эле жакшы тарбия алып чыктык", — деди Жапаров.
Президент ата-энелерди жана балдарды мугалимдердин анча-мынча какыс-кукусун көтөрүп коюуну, анткени алар окуучуга күйүп-бышып жатканын, кээде балдары дагы аша чаап кетип жатканын кошумчалады.