БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Украинадагы жаңжал созулган сайын тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо шарттары татаалдашып баратат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Лавров Россия менен Беларустун тышкы иштер министрликтеринин коллегиясынын жыйынынан кийин сөз сүйлөгөн.
"Президент буга чейин сүйлөшүүлөргө каршы чыккандар, анын ичинде Владимир Зеленскийге 2022-жылы эле жетишилген макулдашууга кол коюуга тыюу салгандар Зеленскийди согушту улантууга канчалык мажбурлаган сайын өзүлөрү үчүн сүйлөшүү шарттарын татаалдаштырып жатканын түшүнүшү керек деп айткан", — деди Лавров.
Министр "Россия эч убакта сүйлөшүүлөрдөн баш тартпаганын" кошумчалады.