Кыргызстан Индия, Россия, Өзбекстан менен кесиптик лицей түзүүнү пландоодо

Лицейлерди түзүү боюнча макулдашуулар иштелип чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстан Индия, Россия, Өзбекстан менен биргелешкен кесиптик лицейлерди түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук маалыматында айтылат.
"Эл аралык эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоо максатында биргелешип Кыргыз-Индия, Кыргыз-Россия, Кыргыз-Өзбек кесиптик лицейлерин түзүү боюнча макулдашуулар иштелип чыкты", — деп жазылат отчётто.
Министрлик өлкөдөгү үч кесиптик лицейде жаштарга багытталган мигранттарды колдоо борборлору ачылганын кошумчалады.
"Миграцияга кетчүлөр үчүн электрондук 18 чакан окуу курсу иштелип чыккан. Алардын өзгөчөлүгү 24/7 онлайн режимде жеткиликтүү. Мындан тышкары, 10 кесиптик лицейдин базасында миграцияга даярдаган 10 борбор түзүлдү", — деп жазылат кабарда.
Кесиптик лицейдин студенттери окуу менен катар маяна да алат. Маек