Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ак үй Украина үчүн каражаты калбай калганын тастыктады

Буга чейин сенаттагы республикачылар Ак үйдүн Украина, Израиль жана башка муктаждыктарына колдоо көрсөтүү сурамын кароону бөгөттөп салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Эгер америкалык Конгресс кошумча каражат бөлүү тууралуу чечим чыгарбаса, АКШ буга чейин айтылгандай эле 2023-жылдын соңунан тарта Украинага колдоо көрсөтө албайт. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьердин айтканына таянуу менен РИА Новости жазды.
Анын айтымында, бул убакытка карата Вашингтондун "акчасы биротоло түгөнөт". Муну алдын алуу үчүн Конгресс АКШ президенти Жо Байдендин коопсуздукту камсыздоо үчүн керектүү сурамын канааттандырып бериши керек. Сурамдын ичинде Украинага көрсөтүлүүчү жардам да камтылган.
Буга чейин сенаттагы республикачылар Ак үйдүн Украина, Израиль жана башка муктаждыктарына колдоо көрсөтүү сурамын кароону бөгөттөп салышкан. Өкүлдөр палатасы да тиешелүү долбоорду колдоого шашылган жок. Сурамды эки палата тең бекитип бериши керек. Республикачылар АКШ менен Мексиканын чек арасына олуттуу көңүл бурууну талап кылышууда, ал эми Ак үй Украинага берилчү каражат жакын арада соңуна чыгып, жардам көрсөтүлбөй каларын айтып келет.
Вашингтон эгер АКШ Украинага курал-жарак жөнөтүүнү токтотсо европалык союздаштарынын колдоо көрсөтөрүнөн күмөнсүп жатат. Кийинки жуманын ортосунда Конгресс, андан соң сенат 9-январга чейин каникулга чыгат. Демек, маселе азыр чечилбесе, ага жыл жаңыргандан кийин гана кайрылууга мүмкүн болот.
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Путин Украинада качан тынчтык сүрөрүн айтты. Видео