Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны

Путин Украинада качан тынчтык сүрөрүн айтты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Украинага тынчтык Россия максатына жеткенде орнойт. Бул тууралуу Владимир Путин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында түз эфирде айтты.

"Тынчтык биз максатка жеткенде болот. Алар тууралуу айта турган болсок, Украинадагы денацификация, демилитаризация, анын нейтралдуу макамы. Бул максаттар өзгөргөн жок", — деген Путин.

Ал Батыш мамлекеттери убадалагандын баарын Украина толук алганын айтып, Киевдин Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу башталгандан бери орус аскерлери 747 танкты жана ар кандай класстагы дээрлик 2,3 миң сооттолгон техниканы жок кылышканын белгилеп, бул демилитаризация экенин кошумчалаган.
Президент демилитаризациялоонун ар кандай варианты бар экенин айтып, "же бир пикирге келиш керек, же маселени күч менен чечүү зарыл, биз ушул максатка умтулабыз" деген пикирди карманарын билдирген.
Белгилей кетсек, учурда Россия президенти Владимир Путиндин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өтүп жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле РФ президентинин ири маалымат жыйынын түз эфирден да көрө аласыздар.
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Россияда мобилизациянын экинчи толкуну болобу? Путиндин жообу